Бишкек. 14.12.2018. Govori.TV
Азия оюндарынын жеңил атлетика боюнча жеңүүчүсү жана Азиянын эки жолку чемпиону Дарья Маслова турмушка чыкты.
Маслова 13-декабрда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
23 жаштагы Дарья Маслованын жолдошу — Александр Бакалов. Алар 4 жылдан бери сүйлөшүп келишкен.
2018-жылдын жай мезгилинде Индонезияда өткөн Азия оюндарында Дарья Маслова эки медаль багындырган. Анда Александр Бакалов анын колун суроо ниети бар экенин билдирген.
«Албетте, мен ага турмушка чыгууга даярмын. Ал мени 4 жылдан бери күтүп келет. Мелдештерде дайыма колдоо көрсөтүп турат», — деген Д.Маслова.