Ош облусунун Кара-Суу районунда HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып, 4 кишини басып калды.
ӨКМ тараткан маалыматтар боюнча, Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып адамдарды басып калган. Такталган маалымат боюнча кырсыктан 2 аял, 2 жаш бала каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).
Жеринде Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу иш алып барууда, кошумча Ош шаардык №13 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары кырсык катталган жерге ИИМ, “Тез жардам” кызматы тартылган.