• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

«Жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн». Аспековдун баласы кайрылуу жазды

27 Бештин айы 202311:26 Бишкек Govori.TV

Активист Мелис Аспековго жүрөгүнө операция жасалышы мүмкүн. Бул тууралуу анын уулу Аалы Аспеков Facebook баракчасына жазып, атасынын ден соолугу начар экенин айтып, үй камагына чыгарып, дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү өтүнгөн.

Аала Аспековдун айтымында, Мелис Аспеков эки жыл мурун жүрөгүнө оор операция жасалган.

«Анын жүрөгүндөгү төрт тамыр алмаштырылган. Алардын жакшы иштеши үчүн адам дайыма өзгөчө жашоо образын алып жүрүшү керек, бул СИЗОдо таптакыр мүмкүн эмес», — деп белгиледи ал.

Количество просмотров: 51