• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Ж. Разаков депутаттар А. Сулайманов жана М. Мадеминовду сотко береби?

5 Чын куран 201910:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.04.2019.Govori.TV.

“Govori.TV” мультимедиялык агенттигинде түз эфирде маек берген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Тажикстандын тыңчысы» деген маалымат тууралуу пикирин билдирип, учурда фейк маалымат тараткандарга байланыштуу УКМКга кайрылганын, ал эми такталбаган маалыматты Жогорку Кеңешке алып чыккан эл өкүлдөрүнүн үстүнөн сотко кайрыла тургандыгын айтты.

Ал эми «Азаттыктын» маалыматына ылайык, бул маселени Жогорку Кеңеште биринчилерден болуп КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов көтөргөн. «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да айтып, атайын кызматтан жагдайды иликтөөнү талап кылган. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов болсо ушак-айың ээрчиген кишиден отчет угуу орунсуз экенин айтып тескерисинче, аны убактылуу кызматтан алып, үстүнөн атайын комиссия текшерүү жүргүзүү керек экенин белгилеген.

Количество просмотров: 13