• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Жөө жүргүнчү кызды троллейбус сүзүп кетти. Мэрия кырсыктын чоо-жайы тууралуу билдирүү таратты

4 Бирдин айы 2020 15:19 Бишкек Govori.TV

Кечээ Бишкек шаарындагы Москва менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсык болуп, анда жөө жүргүнчү кызды троллейбус сүзүп кеткени айтылган.

Ал эми Бишкек мэриясы бул тууралуу маалымат таратып, жөө жүргүнчү светофордун тыюу салган сигналына карабай чыгып кеткен.

«Кырсыкта эки адам, жөө жүргүнчү жана троллейбустагы адам жабыркаган. Алар ошол замат ооруканага жеткирилген, бактыга жараша катуу жаракат эч ким алган эмес. Алар ооруканада калуудан баш тартышкан.

Кошумчалай кетсек, троллейбустун айдоочусу Айдарбеков эч бир жол эрежесин бузган эмес. Жана кырсык болгон жерде калып, жабырлануучуга биринчи жардам көрсөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 74