Чүйдө жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 29-майда болжол менен саат 21:50 чамасында Аламүдүн районундагы Бишкек – Кордай унаа жолунун 9-чакырымында белгисиз айдоочу унаасы менен түндүктөн түштүккө карай бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1974-жылы туулган Б.С.В. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
Бул факты боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары “Лексус-RX 300” үлгүсүндөгү унаанын 1994-жылы туулган М.Ш.Э. аттуу айдоочусу кармалып, андан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн, Аламүдүн РИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берилген.