Чүй облусунда жөө адамды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 76-чакырымында 16-ноябрда саат 23:30дар чамасында автоунаа 40-45 жаштагы эркек кишини сүзүп, изин жашырган. Жөө жүргүнчү оор жаракат алып, аймактык ооруканага жаткырылган.
«Коопсуз шаардын камералары аркылуу окуяга тиешеси бар «Фольксваген-Гольф» унаасы аныкталган. Ал 18-ноябрда унаа токтотуучу жайга киргизилген. Ал эми «Фольксваген-Гольф» унаасынын 33 жаштагы Т.Э. аттуу айдоочусу Панфилов райондук милициясына жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.