• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

18 Үчтүн айы 2021 11:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-январында 2005-жылы туулган Ж.А туу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:45 чамасында айдоочу белгисиз авто унаа менен Кулиев көчөсү менен тундүк тарапка бара жатып, Чүй көчөсүнүн кесилишине жетпей арыз ээсин сүзүп, андан ары окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада арыз ээси жол кырсыгынан жабыркап, № 3 балдар ооруканасына кайрылган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары “Лексус” үлгүсундөгү авто унаанын 1979-жылы туулган Т.З. аттуу айдоочусун кармашкан.

Азыркы учурда авто унаа убактылуу токтотуучу жайга токтотулуп, айдоочусу Бишкек ШИИББнын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 113