Оштун Кара-Суу районундагы Жаңы-Барак айылына курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу октябрь айында толук бүтөт. Бул тууралуу Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев кабарлаганын өз кабарчыбыз билдирди.
Табалдиевдин айтымына караганда, учурда үйлөрдүн ичин жасалгалоо жана канализация иштери жасалууда.
Жаңы-Барак айылына 101 турак-жай бирдей үлгүдө салынууда.
Эске салсак, Өзбекстандагы Барак эксклавынан кыргызстандыктар апрель айында Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп чыккан.
Аларга Жаңы-Барак айылын куруу 6-майда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда башталган. Кыргыз бийлиги Барактан көчүрүлүп келгендерге 98 үй куруп берерин билдирген. Бул үчүн 270 миллион сом бөлүнгөн. Буга чейин бул үйлөр 31-августка чейин аяктаары айтылып, бирок ага чейин үйлөр бүткөн эмес.