• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жаңы Баш мыйзам азыркыдан эмнеси менен айырмаланат? Юристтер талдап чыкты

1 Бештин айы 202012:33 Бишкек Govori.TV

Жаңы Конституция 2010-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын учурдагы Баш мыйзамынан бир кыйла айырмаланат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда эксперт жана юридикалык илимдеринин доктору Сания Токтогазиева билдирди.

«Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик башкаруу түп тамырынан бери өзгөртүлүп, жарандардын бир катар укуктары жокко чыгарылган», — деди Токтогазиева.

Конституциянын жаңы долбоорунун талдоосун бул шилтемеден толук окусаңыз болот:

Ошондой эле Токтогазиева президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовдун жана парламенттин 6-чакырылышын конституциялык реформа жасоого укугу жок экенин айтат.

«Президенттин милдетин аткаруучу да конституциялык реформа жүргүзүүнү демилгелеп, Конституциялык кеңешме чакыртууга, ал эми парламенттин референдум өткөрүүгө эч кандай укугу жок. Ал эми Конституциялык кеңешменин (КК) иштөө форматы мындай кеңешменин принциптерине туура келбейт. Негизсиз шашылуу болуп жатат. Ошондой эле Конституциялык кеңешме постфактум түзүлгөн жана ал даяр документ боюнча иштеп, аны оңдоо гана кылып жатат. Биз, юристтер, жогоруда аталган суроолорду бир нече жолу брифингдер аркылуу ККнын мүчөлөрүнө жолдогон элек, негизинен кеңешменин өзүнүн мыйзамдуулугу жана иш форматы тууралуу. Биз бул суроолорго эч кандай бир жооп алган жопуз», — деп билдирди Токтогазиева.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-декабрда буга чейин коомдук талкууга коюлган Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоорун юристтер талдап жатат.

Количество просмотров: 76