Сузак округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болгон Алтынбек Кылычбаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ант берип, ишине киришти.
Боршайком 30-сентябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кылычбаев Алтынбек Таировичти №13 Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты кылып каттаган.
№13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22-сентябрында өткөн.
Ал эми кечээ, 1-октябрда Кылычбаевге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Эске салсак, Тазабек Икрамов өз эрки менен мандатын тапшырган.