• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жаңы Конституцияга жоопкерчилик элге илинди…

19 Жалган куран 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

11-апрелде өтө турчу Конституциянын долбоорун өзгөртүү боюнча Референдумда автору белгисиз, баш калтырган Баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынат өңдүү.

Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Жапаровдун алгачкы эки сөзүнүн бири Конституциялык реформа болду.

Башында эле бүдөмүк ойлор коштолгон баш мыйзамдын долбоору жарандык коомдун, бир катар юристтердин купулуна толгон жок. Алардын айтымында бул баш мыйзам кабыл алынса бийлик бир колго топтолуп, хандык башкарууга түздөн-түз жол ачат.

 Коомчулукту жоошутуу максатында 100гө чукул ар тармактан чогулган адамдардын башын бириктирип, Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага ЖК төрагасы жана  президенттин милдетин аткаруучу болуп жаткан Талант Мамытов кол коёт.

80 депутат демилгелеген Конституциянын жаңы долбоорун Конституциялык кеңешме 3 айдай карап, толуктап, иштеп чыгып, эл өкүлдөрүнүн кароосуна Парламентке алып келген.

Деген менен жоопкерчилик алып калаарын билбеген кеңешме сындарды түшүнбөстүк менен кабыл алды. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекболсун Бөрубашев алар депутаттар демилге кылган долбоорду гана түздөп, түпкү  маңызын өзгөртпөстөн оңдоп чыгышканын билдирген. Ал өзүлөрү  оңдоп-түзөп бергиле деп алып, кайра нааразы болгондору кызык абалды жаратканын айтат.

Ал арада чүулгандуу мыйзам долбоору боюнча жоопкерчилик маселеси көтөрүлдү.

Кош-колдоп колдоп, сүрөп олтуруп демилгечилер мыйзам долбоорун 3 окуудан өткөрүп 94 депутаттын колдоосун жана алты депутат тагыраагы Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Бакытбек Жетигенов, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко жана Чынара Урумкалиеванын каршы добушуна ээ болот.

Шашылыш түрдө жаңы Баш  мыйзамды кабыл алуу кимге керек деген кептер көбөйдү. Ар кимдин өз версиясы бар.

 Депутаттарга тандоо укугун толук берип, кийлигишпей карап турам деген президент Садыр Жапаров Конституциялык  өзгөрүүлөрдү колдоорун билдирип, жоопкерчиликти ким тартаарын айтты.

Ал эми экс-депутат Исхак Масалиев эл чечет эл тандайт дей берүү коомчулуктун башын айлантуу деп эсептейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында жаңы долбоордо эбегейсиз чоң бийлик берилип жаткан президенттин жоопкерчилиги каралбай калган.

Башынан эле Конституциялык реформа, башкаруу системасын аныктоо, референдум дал ушул жоопкерчиликти күчөтүү максатында ишке ашырыла баштаган. Деген менен жоопкерчилик маселеси кайрадан түрткүнчүк болуп, көп суроолорду жаратууда.

Количество просмотров: 234