• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жаңы министрлер ант берди

17 Жетинин айы 2022 10:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ант берди.

Парламент жыйынына президент Садыр Жапаров катышуда. Бүгүнкү жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралат.

Количество просмотров: 120