Кыргызстандын жаңы муфтийи 5-апрелде шайланат. Мындай чечимди Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда, кезектеги протоколдук жыйында кабыл алганын муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, жыйында Кыргызстан мусулмандарынын VII Курултайын өткөрүү чечимин кабыл алды.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын курултайы жаңы устав боюнча 4 жылда бир чакырылып, Азирети Муфтий, Аалымдар Кеңеши жана Борбордук Текшерүү Комиссиясынын төрагасы курултай делегаттары тарабынан ачык добуш менен бекитилет.
10-февралда эртең менен кызматын тапшыруу тууралуу арыз жазганы айтылган муфтий Максат Токтомушев кечинде УКМК тарабынан кармалды.