• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жаңы шайлоо системасынын күнгөйү менен тескейи

23 Кулжа 2021 13:49 Бишкек Govori.TV

Президентти жана Жогорку Кеңешти шайлоо жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Парламент депутаттарын шайлоонун аралаш же параллель системасы сунушталууда.

Буга чейинки тарыхыбызда жүз пайыз пропорционалдык же толук мажоритардык система болгондогу кемчиликтер баарына маалым. Жумушчу топ аралаш система өтө оптималдуу болот деп эсептешет.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин пикиринде, шайлоолорду өзгөрткөн жаңы мыйзамда артыкчылыктар менен катар кемчиликтер дагы бар. Кайсы гана вариант тандалбасын, бир топ тобокелчиликтер дагы деле кала берет.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүдө Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болгон системаны тандоо керектигин айтат.

Шайлоо жана референдум мыйзамдарын өзгөртүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ шайлоо системасынын эки түрдүү долбоорун президенттин кароосуна жиберди. Мамлекет башчы бул эки долбоордун ичинен бирин тандап, аны Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Парламенттик шайлоо буга чейин ар кандай мүнөздө өтүп келген. 1995-жылдан 2005-жылга чейин өлкөдө мыйзам чыгаруу жыйыны жана элдик жыйындан турган эки палаталуу парламент иштеди. Биринчиси 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме менен шайланган. Экинчисинде 45 депутат бир мандаттуу округдарда ат салышкан. Бирок бул системанын натыйжасы үмүттү актаган эмес.

2003-жылы Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөн. Анда мажоритардык шайлоо тутуму кайтарылды. Бул система менен III чакырылыш шайланып, бирок мөөнөтүнөн мурда тараган. Кайра пропорционалдык система калтырылган.

2010-жылы дагы өзгөртүлгөн Башмыйзам боюнча депутаттар парламентке партиялык тизме менен шайланышкан. Быйыл жаңы шайланган президент Садыр Жапаров Конституцияны өзгөртүүнү туура көрүп, аралаш шайлоо системасын сунуштады. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо пропорционалдык система жакшыбы же аралашпы убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 134