• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Атайын репортаж: Жаңы шайлоо мыйзамдары таза шайлоого жол ачабы?

28 Тогуздун айы 2021 18:57 Бишкек Govori.TV

Депутаттар  шайлоо мыйзамдары боюнча долбоорду 28-июлда 107 добуш менен экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып, президент кол койду. Муну менен ноябрда өтчү кайталап шайлоонун  эрежелери аныкталды. Бирок, жаңы баш мыйзам кабыл алынып ага шайлоо мыйзамдарын ылайык келтирүү процесси өтө көп талкуулар менен коштолду.

Мыйзам боюнча бири-бири менен чектешпеген аймактарда шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт. Ошол эле учурда кээ бир район же шаарларды шайлоочулардын санына жараша экиге бөлгөнгө туура келүүдө.

Ошондой эле, бул жолку мажоритардык система менен депутаттарды шайлоодо экинчи тур деген болбойт. Эксперттердин айтымында жаңы аралаш система менен өтүп жаткан бул шайлоодо талапкерлер арасында бир топ эле атаандаштыкты жаратат.

Кыргызстанда алгачкы ирет өтүп жаткан аралаш система менен шайлоодо гендердик теңчилик маселесин да көтөрүп чыкты. Айрымдардын айтымында бир мандаттуу система менен айымдардын депутат болууга мүмкүнчүлүгү аз болот .

Бул жолку шайлоодо мамлекеттик, саясий жана муниципалдык кызмат адамдарына жаңы талаптар коюлду.  Талапкер шайлоого катышуу ниетин билдиргенден баштап өз ыйгарым укуктарын токтотууга милдеттендирилди.

Үгүт ишетеринде да бир катар өзгөрүулөр бар. Мыйзамга ылайык, мындан ары мектеп, бала бакча, мечит, чиркөө, оорукана жана башка жайларда жана ага жакын жерде үгүт материалдарды таратканга болбойт. Ошондой эле түз же кыйыр мааниде диний тематикадагы маалыматтарды колдонууга тыюу салынды. Андан сырткары, талапкерлердин үгүт ишине, кол чогултуусуна көчө башчысын, үй комитетинин төрагаларын аралаштырууга катуу бөгөт коюлду.

Бирок, бул шайлоо мыйзамдарынын күнгөйү менен тескейи коомдо катуу эле талкуу жаратты. Бири шашылыш кабыл алынган мыйзам долбоорлору чийики болуп калды десе, айрымдары бул өзгөрүүлөр алдыга катарта жол деп сыпаттоого жол ачууда.

Ал эми саясат талдоочу Эмил Жураевдин айтымында жаңы кабыл алынган  шайлоо мыйзамдары чийки болуп калган. Ал белгилегендей, бул шайлоо мыйзамдары дагы да өзгөрүүлөргө дуушар болот.

Белгилей кетсек, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар пропорционалдык система менен өтө турган шайлоого гана катыша алат. Саясий партиялар болсо шайлоого катышуу үчүн 1 млн. сом күрөө төгүп, парламенттен мандат алам десе 5% босого чектен ашышы керек. Ал эми мажоритардык системада шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Ошондой эле жаңы мыйзамда депутат болом деген жарандарга да талаптар кошулду.

 Өлкөдө 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо кайрадан өткөнү турат. Шайлоонун шайтан оюндарынан улам дайыма наарзычылыктар жаралып келгени маалым. Өлкөдө болгон саясий башалмандыктардын көбү шайлоодогу эреже бузууларга шылтанып, шайлоо мыйзамдары өзгөрдү. Жаңы мыйзамдар менен өтө турган алдыдагы шайлоо канчалык деңгээлде таза жана ачык өтөрүн алдыда убакыт көрсөтөт.

Количество просмотров: 409