• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жаңы Жылдан тарта түкүргөндөргө айып салынат

22 Бештин айы 2018 15:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.12.2018. Govori.TV


Жаңы-жылдан тарта түкүргөндөргө айып салынат
Келерки жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында коомдук жайларда түкүргөн жарандарга 5 500 сомдон айып салына баштайт. Мындай маалыматты шаар башкармалыгынан билдиришти.


Күчүнө кире турган кодексте башка эреже бузуулар да каралып, төмөнкүдө баалар бекитилген.


-Таштандыны белгиленген жерге же кутудан башка жакка таштап, же өрттөсө, 5 500 сом;


-Коомдук жайларда тынчтыкты сактабагандарга 1000 сом;


-Ит же мышык алып жүрүүдөгү эреже сакталбаса 1000 сом;


-Өзүм билемдик менен жер участогун кеңейтип алгандарга 1000 сом;
-Милицияга, өрт өчүрүү кызматын жана тез жардамга жалган чакыруу болсо 5500 сом;


-Ата-энелик милдеттерин так аткарбаган ата-энелерге 1000ден 7500 сомго чейин;


-Лифттерге зыян келтиргендерге 3000 сом;


-Коомдук жайларда тамеки чеккендерге 1000 сом;


-Көчөлөрдөгү люктарды ачкандарга 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы.

Количество просмотров: 20