• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек мэриясы калаа тургундарына жылуулук берүү тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө

17 Тогуздун айы 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.10.2018. Govori.TV
Бишкек шаардык мэриясы тургундарга сурамжылоо жүргүздү. Анда калаанын жашоочуларынын жылуулукту качан берилишин каалайсыз?,-деген суроону жазган.
Тургундар бүгүн, керек эмес же баары бир деген жооп узатса болот.
Анткен менен сырттагы сууктан бардык эле жылуулук берүүлүсүн күтүп турса, мэриянын жылуулук берүүнүн ордуна мынтип сурамжылоо жүргүзүп жатканы таң калыштуу.

 

 

Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясы калаада эки күн аралыгында абанын температурасынын кескин төмөндөшү байкалса, 17-октябрь күнү жылуулук берүү боюнча чечим кабыл алынарын кабарлаган.
Мекеменин маалыматы боюнча, кызматкерлер суу түтүктөрүнүн абалы менен таанышып, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын 65 казан меши жылуулук берүүгө даяр турат.
Мындан тышкары, Бишкек жылуулук электр борбору дагы жылуулук берүүгө даяр экенин билдирген.
Эскерте кетсек, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн бою +8˚С болгондо жылуулук бериле баштайт.
Бүгүн, 17-октябрда борбордо абанын температурасы +1…+3 градустун тегерегинде болууда.
Количество просмотров: 27