• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Эки сүйлөмдө үч ката…

2 Жетинин айы 2018 13:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 02.11.2018. Govori.TV
Баннердеги көк бөрү боюнча жазылган тексттеги ката кыргызстандыктардын сынына түшүп, кыжырын келтирди.
Бишкек мэриясынын муниципалдык көк бөрү боюнча командасынын баннердеги жазуусунда үч грамматикалык ката кетиришкен. Автоунаага илинип турган плакаттын сүрөтүн фейсбук колдонуучу Алишер Ташматов жарыя кылган.
Сүрөттөн кыргызча жазылган эки сүйлөмдө үч ката кеткендигин көрүүгө болот.
«Мамлекеттик тил үчүн чуркагандар! Эң жөнөкөй каталарды кетирип жатышат… Ушундай каталарды иш кагаздарынын документтеринде кетирсе эмне болот!», — деп жазат Ташматов.
Бишкек мэриясы ушул убакта плакаттагы сүйлөмдү ким жазганын издеп жатышат. Бул тууралуу борбор шаардык муниципалитеттин маалымат катчысы Калперизат Айдарбекова билдирди. Анын айтымында бул жазуунун автору аныкталат. Балким  плакатты команданын өзү даярдаган болушу мүмкүн, — деп маалымдады.
Количество просмотров: 32