Жаңы жылдык балатылардын эң бийиги Ошто тургузулат
Жаңы жылдык балатылардын эң бийиги Ошто тургузулат
3 Бештин айы 2018 15:15 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.12.2018.Govori.TV.
Кыргызстандагы жаңы жылдык балатылардын эң бийиги Ошто тургузулат. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясы билдирди.
Маалыматка караганда, балатыны орнотуу жана кооздоо иштерине бул жылы 1 миллион 400 миң сом каражат жумшалат.
«Быйыл арча кураштыруу жолу менен орнотулуп, аны кийинки жылы да пайдаланууга болот. Бюджетти үнөмдөө максатында ушундай иштер жүрүп жатат», -деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, балатынын бийикти 27 метрге жетет. Ал эми Бишкек шаарындагы балатынын бийиктиги 25 метрди түздү.