18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири Жаңыл Расулжан кызы, ал Жалал-Абад шаарынан келди.
«Заманбап Эл аралык университетинде октуучу болуп иштейм. Кесибим боюнча юрист. Бул жакка келгенимдин себеби жакшы бир билимдерге ээ болуу жана алган билимдерибизди аймактарга барып бөлүшүү болду», — деди ал.