Бүгүн, 14-июнда Кыргызстанда Азия кубогу-2023 тандоо этабынын алкагындагы оюнга карата уюштурулган «Legend» фан-зонасына футбол күйөрмандары чогулду.
Калаа тургундары стадиондогу атмосфераны фан-зонадан да жаратып жатат.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары беттешүүдө. Бул F тайпасында жыйынтыктоочу оюн.
Буга чейин Кыргызстан Сингапурду 2:1, Мьянманы 2:0 менен уткан. Ал эми Тажикстан Мьянманы 4:0, Сингапурду 1:0 менен жеңген. Учурда Кыргызстанда да, Тажикстанда да алтыдан упай бар. Бирок Кыргызстандын курама командасы гол киргизген жана өз дарбазасына өткөрүп жиберген топтордун айырмасы боюнча Тажикстандын курамасынан кийинки экинчи орунда.