• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Жайлоодо кар күрткүдөн чыга албай калган туристтер куткарылды

10 Бештин айы 202310:56 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдүн жайлоосунда кар күрткүдөн чыга албай калган туристтер куткарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бидиришкендей, күн мурун, 9-декабрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосуна бара жаткан Nissan Patrol үлгүсүндөгү унаа кар күрткүгө тыгылып, өз алдынча чыга албай калган.

Унаада 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, Казакстандандын жарандары болгон. Алар «Каракол» лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.

Жерине ыкчам түрдө 6 куткаруучу тартылып, кар күрткүдө калган үй-бүлөнүн унаасын сүйрөп чыгарып беришкен.

Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.

Количество просмотров: 162