• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жайыл районунун айыл өкмөт башчылары гумжардамды тургундарга бербей жатышабы?

6 Бугу 202019:23 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Жайыл районунун жана Кара-Балтанын шаарынын аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карантин убагында гуманитардык жардам берилбей жатат. Бул тууралуу Govori.TVга мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелери билдирди. 

Алардын айтымында, жардамга муктаж үй-бүлөлөр Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабдановго жана Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевго бир канча жолу кайрылып, бирок жыйынтык чыкпай жатканына нааразы.

«Бүгүн, 6-май күнү 60га жакын энелер Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдына келдик. Бирок мэриянын кызматкерлери кабыл албай жатышат. Буга чейин Жайыл районунун Алексеевка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 3 балага  гуманитардык жардам берилди деп жалган маалыматты базага киргизшкен. Бирок алардын ата-энелери  жардам берилбегенин айтып акимчиликке кайрылышкан. Мындан сырткары Полтавка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген баланын энесине жардам келбегенин айтып чыкканда, айыл өкмөт башчы участковый менен барып коркутуп кетиптир», — дешти алар. 

Гуманитардык жардам күтүп турган энелердин бири Монолдорова Айнура атайы мүмкүнчүлүк чектелген балдарга берилген жардамдын жетпей жатканына нааразы болууда.

«Өкмөт ушундай жарандардын аярлуу катмарына жардам бербегенде, кимге берет», — деди ал.

Количество просмотров: 307