Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Zagreb Open биринчи рейтингдик турниринде алтын утту.
Балбан Айпери Медет кызы финалдык беттеште кытайлык Хуан Ван менен кез келип, аны 2:1 эсебинде жеңди.
Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.