• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024
WW 76kg — Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Жакшы кабар! Айпери Медет кызы коло байге утту

7 Тогуздун айы 2021 0:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Мелдешти Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.

Финалда Медет кызы украиналык Aнастасия Шустова менен кез келип, 12:1 эсебинде жеңишти камсыздады.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер арасынды) алтын, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми Алибек Осмонов (эркин күрөш) коло медаль багындырды.

Количество просмотров: 1174