Грек-рим күрөшү боюнча Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты.
Ал жарым финалда армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсебинде жеңди. Махмудов финалда, Олимпиада-2020 медешинин алтын байгеси үчүн венгриялык Томас Льеринс менен таймашат. Финалдык беттештер эртең өтөт.
Кошумчалай кетсек, Акжол Махмудов 22 жашта, эл аралык класстагы спорт чебери. Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Буга чейин Алматыда өткөн турнирде Токио Олимпиадасына жолдомо утуп алган.