• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жактоочу: Атамбаев соттун көчмө жыйынына катышпай чыгып кетти

9 Үчтүн айы 2020 18:53 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурумдан чыгып кетти. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Маалыматка ылайык, отурум бүгүн, 9-январда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратында өтүп, судья Атамбаев сот залынан чыгып кеткени боюнча токтом чыгарган.

«Сот департаментинин кызматкерлери анын жолун тосконуна карабай, Алмазбек Шаршенович башында эле ордунан туруп чыгып кетти. Ал эми кызматкерлер тарабынан орой мамиле жасалган жок», — деди Слесарев.

Ошондой эле соттук отурум үч саатка созулуп, шектүүлөрдүн бири өзүн начар сезгендиктен кийинки отурум 14-январга жылдырылган.

Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Количество просмотров: 64