• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жактоочу Бабановдун бөгөт чарасына байланыштуу Бишкек шаардык сотко арыз жазды

8 Кулжа 2021 13:04 Бишкек Govori.TV

Адвокат Амантур Абдрахманов кардары, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасына байланыштуу Бишкек шаардык сотко арыз жазды.

“Шаардык соттон Бабановдун бөгөт чарасын кайра карап берүүнү өтүндүк. Биз аны үй камагына чыгарууну же эч жакка кетпөө шарты менен камактан бошотууну сурап жатабыз. Мыйзамга ылайык, биздин арызыбыздын негизинде азыр анын бөгөт чарасы гана каралат. Ал эми Бабановдун кармалышы мыйзамсыз экенин сотто далилдеп беребиз”, — деди Абдрахманов.

Адвокаттын айтымында, сотко түшкөн арыз он күндүн ичинде каралышы керек.

Бабанов учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жатат. Ал 31-майда “Кумтөр иши” боюнча УКМКга суракка барганда камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 31-июлга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Количество просмотров: 179