• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жактоочу: Орхан Инандыны Бишкекте кармап жатышат деген божомол бар

1 Кулжа 2021 16:13 Бишкек Govori.TV

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны уурдап кетишип, Бишкектин бир жеринде кармап жатышат деген божомол бар. Бул тууралуу бүгүн, 1-июндагы маалымат жыйында жактоочу Зоотбек Кудайбергенов билдирди.

«Биздеги тастыкталбаган маалымат боюнча күч колдонуп, Бишкеке тирүү кармап турушат. Анын унаасы кафенин жанында табылган. Эшиги ачык болгону менен, эч нерсе уурдалган эмес. Бул эмнени түшүндүрөт? Демек уурулук максаты жок болчу. Эгерде болсо, телефон сыяктуу баалуу буюмдары унаада калбайт болчу»— деди жактоочу.

Жыйындын катышуучулары болуп жаткан окуяга президенттин көңүл бурганына ыраазычылыгын билдиришти.

Эске салсак, Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген. Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган. Учурда милиция кызматкерлери Орхан Инандыны издеп жатышат.

Количество просмотров: 126