Жактоочу Замир Жоошев фейсбук баракчасына ИИМдин Тергөө кызматына суракка жеткирилген журналисттердин айрымдарынын сүрөттөрүн чыгарып, «Журналисттерди массалык башаламандыкты уюштурууга шек санап 48 саатка кармоо башталды» деп жазган.
Жоошевдин маалыматына ылайык, журналисттер кезек менен суралып, 48 саатка кармоо чечими чыгарылууда.
Эске салсак, бүгүн, 16-январдын таңында “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы ондой кызматкеринин үйүндө тинтүү болуп, милиция аларды суракка алып кеткен.