• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жактоочу: Журналисттин өлүмү боюнча кармалган камактагы блогер жанын кыйууга аракет кылды

13 Чын куран 2022 11:43 Бишкек Govori.TV

Баткенде журналисттин өлүмүнө байланыштуу камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева 12-апрелде милициянын убактылуу кармоочу жайында өз жанын кыйууга аракет кылып, колунун тамырын кести. Бул тууралуу анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева кабарлаган.

«Менин кардарым орозо кармайт. Батмакан Жолболдуевага жакындарына тамак берүүгө тыюу салынган. Бир күн мурун Баткен облустук сотуна баш коргоо чарасы каралып жаткан жыйынга катышуу үчүн келдим. Айыпталуучу ИВСтин жетекчиси жана СИЗОнун башка кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр жана куугунтуктоолорго даттанган. Жыйындан кийин райондук ички иштер бөлүмүнө барсак, жетекчилик жок экен. Убактылуу кармоочу жайдын жетекчиси менен жолуктук, биз кеткенден кийин Батмакан Жолболдуевага кысым көрсөтө баштады. Ал тамырын кести», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин милиция журналист Арзыгүл Галымбетова 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын билдирген. Бирок мындан көп өтпөй эле журналист каза болгон.

“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Иштин алкагында блогер Батмакан Жолболдуева кармалган.

Количество просмотров: 2300