Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.
«Республика-Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери, экс-депутат Өмүрбек Бабанов кыргыз элине кайрылуу жолдоп,
«жакында көрүшкөнчө»,деп интернеттеги баракчасына жазып чыкты.
«Келе жаткан Жаңы жылыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Эң бийик пландар жаңы дем менен ишке ашсын!
⠀Өтүп бара жаткан 2018 жыл өзгөчө жыл катары эсимде калат. Бул жыл адамдардын эң мыкты сапаттарын көрүүгө жол ачты. Мекендештеримдин чыныгы колдоосун социалдык тармактарда да, ар кайсы шаарларда болгон жолугушуулардан да көрө алдым. Айланамдагылардын туруктуулугун көрдүм, аны менен жакын деп эсептеген адамдарымдын да саны өстү.
Көрөгөч элибиз биздин алдыбызга койгон бардык талаптары, максаттары жана тилектери ушул жылы сөзсүз орундалсын!
⠀Жаңы жыл кут болсун! Жакында көрүшкөнчө», деп айтылат маалыматта.
Ушул тушта чет өлкөдө жүргөн Өмүрбек Бабанов буга чейин кайсы бир саясий-коомдук окуяларга байланыштуу пикирин социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билдирип келген.
Буга чейин социалдык тармактарда, айрым маалымат каражаттарында «Бабанов өлкөгө кайтып келет» деген кабарлар таратылган. Бирок Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иш
козголгон.