УКМК коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда коррупция беренеси менен соттолгон жарандардын мамлекеттик кызматтарда иштешине өмүр бою тыюу салуу каралган.
Ошондой эле андай адамдардын жакындары, жакын туугандары дагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт. Бул берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагы алынып салган. Күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы берилген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.