Социалдык тармактарда жана массалык маалымат каражаттарында мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып пулду жеке адамдар үчүн 20 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 65 миң сомго чейин кыскартуу сунушталууда. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетте депутаттар бул мыйзам долбоорун экинчи окууда карашы керек болчу, бирок маселе күн тартибинен алынып салынды.
«Чечимдин долбоорунда айып пулду 20 миң сомго чейин кыскартуу сунушталууда. Бул да аз сумма эмес. Экинчи окууда 1 миң сомго чейин кыскартууну сунуштадым. Анткени максат адамды жакыр кылуу эмес, жазалоо. Мен бул мыйзам долбооруна каршымын, бирок ортону табууга аракет кылдым», — деди Дастан Бекешев.
Ал ошондой эле экинчи окууда мыйзамды ишке ашыруу ыйгарым укуктарын Маданият министрлигине эмес, укук коргоо органдарына өткөрүп берүү жана Ички иштер министрлиги иштерди сотко жөнөтүү сунушталып жатканын белгиледи.
Эске салсак, Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жана Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Аталган мыйзам долбоору кабыл алынса, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынат. Жалган кабарларды же билдирүүлөрдү жазган жарандар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилет.
Аталган долбоорду Жогорку Кеңеш 23-октябрда карап, биринчи окууда жактырган.