• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абад мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

21 Бештин айы 202210:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп Таласбек Нуралиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов тааныштырды.

Таласбек Нуралиев 32 жашта. Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Кесиби дене тарбия мугалими жана юрист.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин буга чейин Болот Ибраимов аткарып келген.

Количество просмотров: 116