• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абад милициясынын кызматкерлери сыйланышты

3 Теке 202310:56 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад ОИИБде бир катар кызматкерлер сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-июлда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн бир катар кызматкерлер ИИМдин медалдары, Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары менен сыйланышты. Ошондой эле ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын түзүлгөндүгүнүн 87 жылдыгы жана Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеӊишбек Абитов кызматкерлерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алууда, профилактика иштерин жүргүзүүдө, кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүүдө талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Количество просмотров: 118