2020-жылдын 3-май күнү саат 18:30дар чамасында Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту, Туюк-Жар, Кара-Башат участкаларында жайгашкан сел өтүүчү сайларга келген сел суу батпай турак жайлардын огород участкаларына жана чарбалык жолдорго зыян келтирген. Бул тууралуу КР ӨКМ Басма сөз кызматы билдирет.
Тактап айтканда, сел 2 турак үйдүн огород участкасын каптап, Тосту ички чарбалык жолунун 150 метр аралыгын, Баткак-Сай участкасынан 120 метр аралыгын, Кара-Башат ички чарбалык жолунун 90 метр аралыгын аңдап оюп кеткен.
Учурда Айыл аймагында жол каттамдар уланууда. Адам өмүрүнө жана мал-жандыктарга зыян болгон жок.
Жеринде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук бөлүмүнөн ыкчам топ иштеп жатат, жана жергиликтүү тургундар тартылып, сел суу кирген турак жайларды тазалоо жана суу жеп кеткен ички чарбалык жолго убактылуу кум-шагыл толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жумуштарын токтоосуз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш экендигин тиешелүү жетекчилерге эскерткен.