• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жалал-Абад прокуратурасы 17 млн сомдон ашуун зыянды аныктады

29 Бештин айы 2020 12:26 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облустук прокуратурасы Ала-Бука районуна караштуу Кɵк-Таш айыл өкмөтүндɵ жүргүзүлгɵн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кɵрсɵтүлгɵн кылмыштын белгилери менен КЖБРге 9 сотко чейинки өндүрүш ишин каттады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган айыл өкмөттүн кызмат адамдары өздөрү, же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык табуу максатында, айрым жеке ишкерлер менен сүйлɵшүп алып, көпүрө, жол жана башка объектилердин аткаруу актыларын жасалмалашып, атайылап ашыкча суммаларды көрсөтүшкөн.

«Натыйжада, мамлекетке 17 млн. 279 миң 755 сомдук зыян келтирилген. Аталган фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү жагы, Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнɵ караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына тапшырылды. Азыркы учурда тергөө амалдары башталды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 57