• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди

15 Бирдин айы 202411:31 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаардык кеңешине жаңы депутат келди. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык кеңештин кезексиз XXXVII сессиясында төрага Нуртилек Орозбаев «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп келген Уланбек Чыбылаевге төш белги жана күбөлүк тапшырып, депутаттык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Ал өз арызы менен мандатын тапшырган «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын депутаты Жыргал Маатжакыповдун ордуна келди.

Уланбек Чыбылаев учурда жеке ишкердик менен алектенет.

Количество просмотров: 96