• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда 33 жаштагы адам аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

7 Бирдин айы 202517:46 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы адам аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 8-январда Жалал-Абад шаардык милициясына облустук ооруканадан билдирүү келип, Таш-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калганын кабарлаган. Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу жубайы менен уруш-талаш болбогонун, аялын ооруканага өзү алып барганын айткан.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 6-февралда Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун жолдошун кармады.

Количество просмотров: 307