• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда Апрель окуясы эскерилди

6 Чын куран 2021 12:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарындагы «Эркиндик» аянтында Апрель окуясы эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиршти.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдагы 7-апрель окуясына арналган эскерүү иш-чарасына облус башчылары, тарыхчылар, студенттер жана апрель окуясынын каармандары катышты. Чогулгандар шаардагы Эркиндик айкелинин алдына гүл чамбар коюп, куран окушту.

«Калаа башчы 7-апрель окуясынан ар бир бийликтин бутагы сабак алып, мындай катачылыктарга жол берилбеши керектигин айтты. Бул күнү жаркын келечек үчүн жанын курмандыкка чалган ар бир баатырдын эмгеги унутулбай турганын баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө «7-апрель Элдик апрель революциясы» деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген.

Количество просмотров: 102