• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда Барса академиясынын ачылышына жардам берген ишкер Москвада кармалды

11 Жалган куран 202514:39 Бишкек Govori.TV

10-мартта Москвада ишкер Николай Коробовский кармалган. Бул тууралуу 24.kg укук коргоо органдарындагы булагына таянып билдирди. Маалыматты орусиялык сайттар да жазып чыгышты.

Орусиянын Тергөө комитети аны “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси боюнча айыптоодо. Белгилүү болгондой, 2024-жылдын 28-декабрында Коробовскийдин бизнес өнөктөшүнүн арызы боюнча иш козголгон.

«Ал Бишкектен Москвага келгенден кийин кармалган. Николай Коробовский жана анын өнөктөшү Я.Н.В. 2021–2023-жылдары «Горный Ключ» ЖЧКсы түзүлгөн. Үлүштүн 67 пайызы Коробовскийге, 33 пайызы анын өнөктөшүнө тиешелүү болгон. Алар ири киреше таба баштаганда, өзүнүн адамдын жардамы менен Николай Коробовский өнөктөшүн өз үлүшүнөн ажыратып, 5 миллион доллар зыян келтирген. 2025-жылдын 11-мартында Коробовский менен байланышкан бардык объектилерде тинтүү иштери жүргүзүлгөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Николай Коробовский 2022-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялык ишкер. Ал Баткен районундагы Бел-Алма көмүр кенинин ээси, Жалал-Абад облусундагы футбол жана спорт маданиятын жайылтуу JALGROUP ASIA (Барселона академиясы) компаниясынын тең негиздөөчүсү.

Количество просмотров: 175