16-марттан 21-мартка чейин Жалал-Абад облусунун аймагында курал, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, 12 курал, бир травматикалык тапанча алынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалыматында, жергиликтүүлөр арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, тургундар куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ал курал чоң атасынан калганын, айрымдары таап алганын билдиришкен