• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда блогер кармалды

14 Бирдин айы 202515:12 Бишкек Govori.TV

Опузалоо фактысы боюнча Жалал-Абад шаарында блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 13-февралында, КР УКМК тарабынан “Instagram” платформасында 200 000 катталуучусу бар популярдуу блогер Р.к.Ч аттуу КР жараны кармалды.

«Аталган Р.к.Ч. аттуу блогер, Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт/видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Тактап айтканда, Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган. Андан соң даярдалган фото/видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган», — деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 289