• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жалал-Абадда бюджетке 45 миллион сом суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталды

17 Бештин айы 202010:08 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо райондору жана Жалал-Абад шаары боюнча финансы полициясы мамлекеттин бюджетине 45 миллион сом суммадагы салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджетке зыян келтирүү фактыларын аныктоого багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда, “Ш” ЖЧКсы товарларды ири өлчөмдө сатып алган жана саткандыгы аныкталган, ошол эле учурда салык отчетторун толугу менен берген эмес, натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда мамлекеттин бюджетине акча каражаттарын кайтарып берүү жана аталган ЖЧКга колдоо көрсөтүп келген кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Количество просмотров: 143