• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жалал-Абадда дагы бир шаар пайда болот

8 Бирдин айы 2021 13:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам ушул жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынын Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 180