• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

9 Кулжа 202110:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда саат 02:37де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 103