• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жалал-Абадда катуу шамал турак үйлөрдүн жана мектептин чатырын учуруп кетти

24 Кулжа 2020 9:20 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда шамал мектептин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шамал 23-июнда саат 16:30 чамасында катталган. Каргалык айыл аймагына караштуу Т.Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шиферин, 7 турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен

«Жеринде ӨКМнын райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу жана жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. 24-июнь күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 290