КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы тарабынан 25-27-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарынын жана Базар-Коргон районунун аймагында “Кыргыз Республикасынын айрым райондорунда өзгөчө абалды киргизүү шарттарында аскердик башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын иши” темасында “Коопсуздук-2023” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өткөрүлдү.
Жалал-Абад ОИИБдин малыматына ылайык, бүгүн, 27-апрелде өлкөгө куралдуу кылмышкерлер кол салган учурда, массалык баш-аламандыктар орун алганда күч түзүмдөрүнүн, мамлекеттик органдардын аткара турган жумуштары практика түрүндө көрсөтүлдү.
Практикалык машыгууга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальниги генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов катышты.
Кошумчалангандай, машыгууга активдүү катышкандар бир катар сыйлыктар менен сыйланышты.